Зилзаланын кесепети. Түркияда 300 миңге жакын турак үй кайра курулат

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепетинен жалпы 10 облустагы 400 миң имарат кайра курулушу керек. Бул туурасында Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жазган маалыматта айтылат.
Белгилүү болгондой, 577 миң 689 имарат текшерүүгө алынып, анын 400 миңи кайра курууга муктаж деген тыянак чыккан. Мунун ичинде 300 миңге жакыны турак үйлөр болуп саналат.
“Өлкөнүн турак жайды өнүктүрүү башкармалыгы калыбына келтирүү планын ишке ашыра баштады. Биринчи этапта 30 миң турак жай курулат”,-деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 38 044 адамга жетип, 108 068 адам жарадар болду.