Зилалиев сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду

 Зилалиев сыртка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камактан бошотту.

Буга чейин, соттун 2021-жылдын 6-декабрындагы чечими менен айыпталуучу Дүйшөнбек Зилалиевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы сыртка чыкпоо жөнүндө тил катына өзгөртүлгөн.

Эске салсак, Дүйшөнбек Зилалиевге карата Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда («Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козгогон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Ал эми 2021-жылдын жайында Дүйшөнбек Зилалиевдин иши Жогорку сот тарабынан райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.

Жанылыктар