Жыл башынан бери күйүүчү май 3 сомго кымбаттады

 Жыл башынан бери күйүүчү май 3 сомго кымбаттады

Кыргызстанда АИ-92нин баасы жыл башынан бери 3 сомго кымбаттады. Бул туурасында “Биринчи радионун” эфиринде Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эршатов билдирди.

Ал кошумчалагандай, жыл башынан бери дизелдин чекене баасы 22 пайызга, АИ-92нин баасы 5 пайызга өскөн.

“Күйүүчү майга болгон баа социалдык товар болуп эсептелерин бардыгы түшүнөт. Анын 1 сомго кымбатташы башка товарлардын баасынын 5 сомго көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Ал эми сатып алуунун баасы 65 пайызга кымбаттады”, – деди Канатбек Эршатов.

Белгилей кетсек, күйүүчү-майлоочу майдын дүйнөлүк баасы 2020-жылдан бери кымбаттап жатат. Ошол эле учурда нефтетрейдерлер ассоциациясы кыргыз рыногу импортко көз каранды экенин билдирип келүүдө.

 

Жанылыктар