Жыл башынан бери 2 млрд сомдон ашык мүлк салыгы жыйналды

 Жыл башынан бери 2 млрд сомдон ашык мүлк салыгы жыйналды

Жыл башынан бери жергиликтүү бюджетке 2,2 млрд сом мүлк салыгы жыйналды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Анын ичинде транспорт каражатына 678,4 млн сом салык чогултулган, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 109,7 млн сомго көп.

Турак жайга салыктын суммасы 97,3 млн сомду түздү. Үй жанындагы, короо-жай алдындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык боюнча түшүүлөр 186,2 млн сомду түздү, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 24,1 млн сомго көп.

Мындан тышкары, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык боюнча 552,8 млн сом түштү, бул 2021-жылдын ушул мезгилине караганда 30,4 млн сомго көп.

Жанылыктар