Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

 Журналист Семетей Талас уулу үй камагына чыкты

Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу соттун чечими менен үй камагына чыгарылды. Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналисттин иши каралып, баш коргоо чарасы аныкталды. «Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 3-ноябрдагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Т. уулу С.га карата үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2022-жылдын 7-декабрь күнүнө чейин тандалды», — деп айтылат соттун маалыматында. 1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») боюнча козголгон кылмыш иши алкагында 48 саатка камакка алынган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан 2022-жылдын 18-февралында Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алынып, өзүн кармап кетишкен. Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону айтылган.

Жанылыктар