Журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты

 Журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты

Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 23-ноябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум өтүп, Темировду өлкөдөн чыгаруу чечими чыкты.

Маалыматта айтылгандай, аны дароо милиция кызматкерлери сот залынан кармап кетишти.

Эске салсак, ушул жылдын аянварь айында Болот Темировдун кеңсеси тинтүүгө алынып, Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кийин ага “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” деген эки берене да кошулган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар