Журналист Абдувахаб Мониев көз жумду

 Журналист Абдувахаб Мониев көз жумду

Журналист Абдувахаб Мониев 48 жашында каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдирди.

Алардын айтымында, журналист ооруп жүргөн.

Абдувахаб Мониев 1974-жылы Оштогу Араван районуна караштуу Чөгөм айылында туулган. Буга чейин “Асаба”, “Агым” гезиттеринде кабарчы, “Учкун”, “Ош жаңырыгы” жана “Эркин-Тоо” басылмаларынын башкы редактору болуп эмгектенген. Ошондой эле “Генерал Ысакбек” патриоттук демилгелерди колдоо коомдук фондунун президенти болгон.

Жанылыктар