ЖОЖдорго тапшыруу үчүн босого балл өзгөргөн жок

Быйыл окуу жайларга тапшырууда босого балл өзгөргөн жок. Тагыраагы, былтыркыдай эле абитуриент 110 балл алышы зарыл. Бул тууралуу маалымат жыйында мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Усеналиев билдирди.
«Азыркы учурда ЖОЖдорго тапшырууда босого балл 110. Предметтик тест боюнча 60 балл. Бул акыркы чечим эмес. Анткени жалпы республикалык тестирлөөнүн жалпы жыйынтыгына дагы каралат. Баштапкы балл боюнча дагы кеңешмеде каралат», — деди ал.
Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 14-февралдан 6-апрелге чейин жүрөт. Каттоо акысы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 370 сомду түзөт.
Марат Үсөналиев быйыл мектепти 68 миң окуучу аяктаганы жатканын айтып, алардын 60 пайызы гана тест тапшырарын маалымдады.
Быйыл республикада жалпы республикалык тестирлөө 23-майда өтөт.