ЖОЖдорго кабыл алуу башталды

Бүгүн, 18-июлдан тарта 2022-2023-окуу жылына жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо башталды.
ЖОЖдорго кабыл алуу беш айлампа менен өтөт:
I туру — 18-июль саат 8:00дөн 20-июль саат 14:00гө чейин;
II туру — 25-июль саат 8:00дөн 27-июль саат 14:00гө чейин;
III тур — 1-август саат 8:00дөн 8-август 14:00гө чейин;
IV туру — 8-август саат 8:00дөн 10-август күнү 14:00гө чейин;
V туру – 15-август саат 8:00дөн 20-август күнү 14:00гө чейин.
Катталгандан кийин окууга сунушталган абитуриенттердин тизмелери илинет, андан кийин абитуриенттер ЖОЖдо окуу каалоосун ырасташы керек. Эгер бош орундар калган болсо, 22-23-24-августта окууга сунушталган абитуриенттердин кошумча тизмелери илинет.
Белгилей кетсек, ЖОЖго тапшыруу жана сынакка катышуу үчүн мектеп бүтүрүүчүлөрү «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык тутумунун https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталуусу керек.