Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты

Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 60 кг салмак даражада беттешет.
Жоламан Шаршенбеков алгач 1/8 финалдан баштап, Венгриялык Кристиан Кечкеметини 8:0 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
Белгилесек, Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль уткан.
Чемпионатка Кыргызстандын атынан жалпы 15 спортчу аттанган.