Жол оңдоо иштерине байланыштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекети жабылат

1-3-декабрь күндөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы «Өзбекстан-Автодорожный» жана “Кызыл-Кыя-Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Аталган көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт.
Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп баштайт.