Жол кырсыгынан 11 адам жаракат алып, бирөө каза болду

 Жол кырсыгынан 11 адам жаракат алып, бирөө каза болду

Чүйдө жол кырсыгынан бир адам каза болуп, 11 адам жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, бүгүн таң эрте Москва районунун Ак-Торпок айылында “Honda Stepwgn” үлгүсүндөгү жеңил унаалар сүзүшкөн.

«Жол кырсыгынын кесепетинен 11 адам жабыркап, 1 эркек адам жеринен каза тапкан. Кырсык катталган жерге Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордон 5 куткаруучу тартылды. Алар саат 08:40та жараксыз абалдагы унаага кыпчылып калган Э. Ж. аттуу жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабыркаган адамдар аймактык ооруканага жеткизилген.

Жанылыктар