Жогорку соттун төраймы кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды

Жогорку сотунун төрайымы Нургуль Бакирова президенттин атына кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдирди.
«Жаңы кабыл алынган Конституцияда Жогорку соттун төрагасын шайлоо тартиби толук өзгөртүлгөн.Буга чейин төрага Жогорку соттун судьялары тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланып келсе, жаңы Конституция боюнча Соттор кеңешинин сунушунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 5 жылдык мөөнөткө дайындалат.Ошол себептен Нургуль Бакирова Жогорку соттун төрагасы кызматын өз каалоосу менен тапшыруу жөнүндө чечим кабыл алды»,- деп айтылат маалыматта.
Бакирова бул кызматка былтыр апрелде шайланган жана ага чейин төрайымдын орун басары болуп иштеп турган.
Нургүл Бакирова 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясынын тизмеси менен катышкан. Аны менен кошо шайлоого катышкандардын айтымында, ал «Ата Мекенге» «Улуттар Биримдиги» партиясынын квотасы аркылуу келген.