Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары дайындалды

Бүгүн, 11-февралда Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков жаңы дайындалган орун басарларды Жогорку соттун жалпы жамаатына тааныштырды.

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Жогорку сотунун судьялары Айбек Давлетов,  Нурлан Мусаев жана Нургуль   Бакирова 5 жылдык мөөнөткө  Жогорку соттун төрагасынын орун басарлары болуп дайындалышты.

Президенттин  Жарлыгына ылайык, Качыке Эсенканов Жогорку сотунун төрагасынын орун басары кызматынан өз каалоосу боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулду.

Буга чейин орун басар болуп иштеп келишкен Качыке Эсенканов, Асанова Нургуль Молдобековна жана Токбаева Айнаш Абдымановна Жогорку соттун судьялары катарында ишин улантышат.

Жанылыктар