Жогорку соттун төрагасы ачык сот отурумдарына журналисттерди катыштырууну тапшырды

Бүгүн, 18 –февралда Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары менен видеоконференц байланыш өткөрдү. Онлайн кеңешмеде алдыда боло турган Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XII съездине даярдыктар талкууланды.
Замирбек Базарбеков аталган съездге бардык судьялар чогулуп жаткандыгына байланыштуу, сот процесстери үзгүлтүккө учурабаш үчүн жергиликтүү соттордогу тергөө судьялары съездге катышпай тургандыгын билдирди.
Белгилүү болгондой, учурда сот тутумунун жана соттук өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына жана күчүнө киргендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Судьяларынын кезектеги XII съездин өткөрүү боюнча жумушчу топ түзүлүп иштеп жатат.
Мындан тышкары, видеоконференциянын жүрүшүндө аймактардагы соттордун төрагаларына жалпыга маалымдоо каражаттары менен тыгыз байланышта болуп, ачык сот отурумдарына журналисттердин катышуусун камсыз кылуу керек экендигин эскертти. Ошондой эле журналисттерден түшкөн суроо-талаптарга өз убагында, ыкчам жооп берүүсүн талап кылды.