Жогорку Кеңештин вице-спикерлери шайланды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн 12-январда вице-спикерлери шайлады. Ага ылайык, депутаттар “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Жамиля Исаевага 74, “Ишенимден” Нурбек Сыдыгалиев 74, Бир мандаттуу округдан Улан Примов 59 “макул” деп добуш беришти.
Ал эми Нурлан Азыгалиев 38 добуш алган.
Жалпы добуш берүүгө 87 депутат катышып, эки бюллетень жараксызболсо, үч бюллетень керектен чыгарылган. Ал эми бир депутат баарына каршы добуш берди.