Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз катчысы дайындалды

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытовдун басма сөз катчысы болуп Ерлан Жаманкулов дайындалды.
Ерлан Жаманкулов мурда Кыргыз Республикасынын Президентинин № 1 мамлекеттик резиденциясында иштеген. Андан тышкары, 2016-2020-жылдары “Кулатуу Эртаймаш” улуттук күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясынын басма сөз катчысы болуп эмгектенген.