Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоочу комиссия ишин баштады. Бир нече варианттар бар    

 Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоочу комиссия ишин баштады. Бир нече варианттар бар    

Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоо боюнча комиссия ишин баштады. Анын курамына “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Эмил Токтошев, Исхак Масалиев, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан Бакыт Төрөбаев, Элмурза Сатыбалдиев, Бакыт Сыдыков, “Ыйман Нурунан” Султанбай Айжигитов, Динара Ашимова, Замирбек Мамасадыков, “Ишенимден” Улукбек Ормонов, Нурбек Сыдыгалиев, “Альянстан” Жанарбек Акаев менен Алтынбек Сулайманов, “Ынтымак” фракциясынан Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев, Аида Исатбек кызы, бир мандаттуу округдан Дастан Бекешев, “Элдик” тобунун атынан Акылбек Түмөнбаев, Тазабек Икрамов кирди.

Анын мүчөлөрүнүн бири Исхак Масалиев  бир нече варианттар талкууга коюлганын билдирди.

Парламенттин структурасы  болжолдуу мына ушундай болоору айтылууда:

Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитет;

Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети;

конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет;

финансы жана экономикалык саясат боюнча комитет;

социалдык саясат, билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо жана спорт боюнча комитет;

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети;

Депутаттык комиссия 30-декабрда түшкө чейин парламенттин курамы менен түзүмүн иштеп чыгып, түштөн кийин жалпы палатанын талкуусуна алып чыгат.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берип, алгачкы жыйынын өткөрдү. Бүгүнкү жыйында 63 добуш менен “Ынтымак” партиясынын тизмеси менен келген депутат Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды.

 

Жанылыктар