Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ири алдамчылык фактылары боюнча кармалды. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди. 

Маалыматка ылайык, атайын кызматка ишкер кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты “А.А.” алдамчылык аракеттеринен улам 2 млн доллар зыян тартканын билдирген.

“Текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, алынган материалдар бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алууга негиз болгон”,- деп билдирди УКМКдан.

Иш боюнча чогултулган далилдердин негизинде “А.А.” аталган кылмышка шектүү катары кармалып, ага ылайык айып тагылып, 2022-жылдын 10-февралында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Жанылыктар