Жогорку Кеңештин комитет төрагалары шайланды

Бүгүн, 12-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар парламенттин түзүмүн жана курамын бекитип, сегиз комитеттин төрагаларын шайлады.
- Парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрагалыгына Медербек Алиев;
- Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жанарбек Акаев;
- Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагалыгына Аманкан Кенжебаев;
- Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымдыгына Динара Ашимова;
- Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин төрагалыгына Азизбек Турсунбаев;
- Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагалыгына Бактыбек Сыдыков;
- Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагалыгына Данияр Төлөнов;
- Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагалыгына Сүйүнбек Өмүрзаков шайланды.