ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылды

 Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны эртеңкиге жылды

Буга 39 гана депутаттын катоодон өткөнү себеп болду. Төрага Талант Мамытов депутаттардын көпчүлүгү аймактарда жүргөнүн айтып, кезексиз жыйын 7-январь саат 14:00гө жылганын жарыя кылды. Анын айтымында, жыйынды баштоо үчүн 46 депутат каттоодон өтүшү зарыл. Парламент бүгүн ЖККУнун алкагында Казакстанга аскер жөнөтүү маселесин карамак.

Жанылыктар