Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы бир топ кыскартылды.  Садыр Жапаров жарлыкка кол койду    

 Жогорку Кеңештин депутаттарынын айлыгы бир топ кыскартылды.  Садыр Жапаров жарлыкка кол койду    

 

Садыр Жапаров “Республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Документтин максаты – республикалык бюджеттен чыгашаларды тартипке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу.

Жогорку Кеңештин депутаттарын кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу боюнча зарыл чаралар көрүлгөнү, тактап айтканда, алардын кызматтык маяналары кыскартылганы белгиленген:

ЖК төрагасы  – 30 миң сом;

төраганын орун басарларына – 27 миң сом;

парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына – 26 миң сом;

депутаттарга — 25 миң сом.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы түшүндүргөндөй, жарлык «жаңы бюджеттик саясатка – мамлекеттик органдар тарабынан бюджеттик чыгашаларды негиздүү үнөмдөөгө негиз түзөт».

«Документте белгиленген бюджеттик чөйрөдөгү абалды жакшыртуу механизми татаал экономикалык реформалар мезгилинде ар кайсы өлкөлөрдө ийгиликтүү колдонулуп келет. “Биздин мүмкүнчүлүктөргө жараша жашоо” урааны астында Балтика өлкөлөрүндө, Чыгыш жана Борбордук Европада (Эстония, Латвия, Польша, Чехия, Венгрия) мамлекеттик башкаруу реформалары ийгиликтүү жүргүзүлдү”, – деп айтылат жарлыкта.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн компенсация төлөнүп келген. Эми алар жана кызматтык унаалар эсепке алынбай, азыркы кызматтык батирлер турак-жайы жок депутаттарга бөлүштүрүлөт.

Жанылыктар