Жогорку Кеңештин депутаттары Сары-Моголдогу банкоматтын ачылышына катышты

Ош облусунун Сары-Могол айылына банкомат орнотулду. Бул тууралуу “РСК Банктын” басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Сары-Могол айылы Талдык ашуусунун артында деңиз деңгээлинен 3 миң 616 метр бийиктикте жайгашкан. Эми Чоң-Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн жана Алай районунун 3 айыл өкмөтүнүн жашоочулары жаңы банкомат аркылуу акчасы накталай алат.
Банкоматтын ачылышына Жогорку Кеңештин депутаттары Улан Примов, Данияр Толонов, Жанар, Эльдар Сулайманов жана Азамат Исраилов катышкан. Эл өкүлдөрү эл менен да жолугуп, курулушу башталып жаткан бала бакчага капсула салышкан.