Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна кетишти

Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусуна кетишти. Алар чек ара жаңжалында жабыркаган жергиликтүү тургундар менен жолугушууларды өткөрөт. Мындай чечим бүгүн, 22-сентябрдагы парламенттин жыйынында кабыл алынды.
Белгилесек, бүгүн эл өкүлдөрү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал тууралуу министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында укту.
Жыйында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутаттарга чек арадагы абал тууралуу маалымат берген.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан улам жараат алгандардын саны 185ке жетип, 59 жаран мерт кетти.
Куралдуу кагылышууда 432 турак жай талкаланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев билдирди.
Сүрөт: Акипресс кж сайтынан алынды