Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

 Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн 27-апрелде Жогорку Кеңеш тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин жактырды.

Эл өкүлдөрү Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоп беришти. Аны буга чейин парламенттин комитети колдогон.

Жээнбек Кулубаев 22-апрелде тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ага чейин президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Кулубаев Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

Жанылыктар