Жогорку Кеңеш санарип өнүктүрүү министрлигине Талант Имановдун талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 19-январда санариптик өнүктүрүү министри кызматына Талантбек Имановдун талапкерлигин жактырды. Эл өкүлдөрүнүн 53ү макул деп добуш берсе үчөө каршы болду.
Кечээ, Имановдун талпкерлиги Жогорку Кеңештин эки комитетинде каралып колдоо тапкан.
Иманов буга чейин “Дастан” заводунда, “Газпром Нефть Азия” ишканасында жетекчилик кызматтарда иштеген.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы