Жогорку Кеңеш каникулга тарады

 Жогорку Кеңеш каникулга тарады

 VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи сессиясын жыйынтыктап, эки айлык каникулга тарады.Төрага Талант Мамытов 43 пленардык жыйын, эки кезексиз отурум өткөрүлүп, 41 мыйзам, 276 токтом долбоору кабыл алынганын айтты.“Июль-август айларында шайлоочулар менен жолугушуу пландалган. Анда көйгөйлөр менен жеринен таанышып, эл менен бирге талкуулап, кийинки сессияга маанилүү маселелерди алып келесиздер деп ишенем”, — деген төрага.Регламентке ылайык, эл өкүлдөрү июнь айынын соңунда ишин аяктап шайлоочулары менен жолугушууга кетет. Ал эми экинчи сессия үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында ачылат.

Жанылыктар