Жогорку Кеңеш Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды

Бүгүн, 1-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Иманалиевдин талапкерлигин жактырды.
Иманалиев 24-февралдан бери билим берүү министринин милдетин аткарып жаткан. Анын талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдошту.
Ал билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепцияны бир айда даярдап, парламентке алып келерин билдирди.
Каныбек Иманалиев буга чейин Жогорку Кеңештин төрт чакырылышына депутат болгон.