Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышуу ниетинде

 Жо Байден экинчи мөөнөткө ат салышуу ниетинде

АКШ лидери Жо Байден экинчи президенттик мөөнөткө ат салышууну пландап жатат. Ал бул боюнча чечимди 2023-жылдын башында жарыялай турганын билдирди. Бул тууралуу 9-ноябрда Ак үйдө өткөн маалымат жыйынында кабарлады.

Белгилесек, АКШда кийинки президенттик шайлоо 2024-жылдын ноябрында өтөт.

22-октябрда Байден алдыдагы президенттик шайлоого катышуу планын жарыялаган. Ал шайлоо жарышына катышууга расмий чечим кабыл алуу аны «талапкердей алып жүрүүгө» милдеттендирерин белгиледи.

79 жаштагы Байден АКШнын тарыхындагы эң жашы улуу президент болду.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар