ЖМКнын даттанууларды кароо боюнча комиссиясынын жаңы курамы шайланды (тизме)

Бишкекте Европа биримдигинин көмөгү менен “Медиадиалог” уюму уюштурган “Кыргызстандагы медиа: келечекке кадам” медиа-форумунун биринчи жумушчу сессиясы өтүүдө.
Бүгүн форумда ЖМКлардын арыздары боюнча комиссиянын курамы кайра шайланды.
Добуш берүү жашыруун өттү.
Комиссиянын жаңы курамына 13 адам кирди:
Тамара Валиева;
Али Токтакунов;
Асел Сооронбайева;
Семетей Аманбеков;
Авланбек Жумабеков;
Кайыргүл Урумканова;
Өмүрбек Сатаев;
Дилбар Ашимова;
Нургүл Абдыкеримова;
Нурбек Токтакунов;
Данияр Садыков;
Алмаз Исманов;
Наргиза Нанакеева.
Маалымат каражаттарынын үстүнөн түшкөн арыздарды караган комиссия мүчөлөрү журналисттердин макала-баяндарына нааразы болгон тараптардын арызынын негизинде иштешет. Нааразылык айтылган макала же сюжетти Кыргызстандын журналисттеринин Этикалык кодексинин негизинде карап, чечим чыгарат.
Кесиптик этика нормалары бузулган болсо, журналистке же басылмага эскертүү берилет. Эреже бузуу аныкталбаса, арыз берген тарапка аны түшүндүрүшөт. Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ эмес, тараптарды сотко жеткирбөө максатында, элдештирүү, этиканы сактоо багытында иш алып барат. Айлык албайт.
Аталган комиссия мүчөлөрү төрт жыл сайын жаңыдан шайланат. Талапкерлерди жеке жана юридикалык жактар көрсөтөт же өзүн өзү сунуштаса болот. Жыл сайын аларга 10-15 арыз түшөт.