ЖМК:Түркиянын Искендерун шаарында деңиз деңгээли көтөрүлүп, тургундар эвакуацияланууда

 ЖМК:Түркиянын Искендерун шаарында деңиз деңгээли көтөрүлүп, тургундар эвакуацияланууда

Түркиянын Искендерун шаарында деңиз деңгээли көтөрүлүп, адамдарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатат. Бул туурасында NTV телеканалы жазды.

Маалымтта айтылгандай, жер титирөөдөн кийин Түркиянын түштүгүндөгү Хатай провинциясындагы Искендерун шаарында деңиздин деңгээли көтөрүлүп, жолдорду суу каптаган. Мындан улам тургундар менен жумушчуларды эвакуациялоо жүрүүдө.

“Жер титирөөлөрдөн улам Искендерун шаарында деңиздин деңгээли көтөрүлдү. Жээк тилкесиндеги жолдорду, аянттарды жана жумуш орундарын суу каптады. Коркунучтан улам бульвардагы имараттар жана жумуш орундары эвакуацияланды “,– деп айтылат телеканалдын маалыматында.

Ошондой эле соода объектилери жана банктар эвакуацияланып жатканы кабарланды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар