ОшТВ телерадиокомпаниясы

ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

 ЖКнын мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков абактан бошотулду

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан бошотулду. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-декабрда фейсбуктагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Ал видео кайрылуусунда жаңы күчүнө кирген кодекстин негизинде эркиндикке чыкканын билдирди.

Жээнбековдун жактоочу Замир Жоошев 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жээнбековду тергөө абагында кармоо тууралуу бөгөт чарасын узартпаганын билдирген. Мындай чечим жаңы күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык кабыл алынган.

«Соттун мындай чечимине Равшан Жээнбековдун бир жылдан ашык абакта отурганы, айыпталуучулардын айрымдары бир жылдан ашык убакыт үй камагында болгону себеп болгон. Жаңы Жазык-процесстик кодекс бул бөгөт коюу чараларынын мөөнөтүн 1 жылдан ашык узартууга тыюу салат», — деп билдирген жактоочу.

Эске салсак, Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясына байланыштуу айыпталып, август айында экинчи жолу камакка алынган. Ал быйыл парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер болгон.

https://www.facebook.com/1119094097/videos/5055076767878230/

Жанылыктар