ОшТВ телерадиокомпаниясы

ЖК депутаттыгына талапкер А.Таштанбеков улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип камалды

 ЖК депутаттыгына талапкер А.Таштанбеков улуттар жана аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип камалды

УКМК Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго карата улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирип жатат. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Кечээ, 6-декабрь күнү БШК А.Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берди.

Ошол эле күнү А.Таштанбеков айыпталуучу катары алынып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жанылыктар