ЖК депутаттары талаш-тартыштан кийин төрт министрликке талапкерлерди дайындоо макулдугун берди

 ЖК депутаттары талаш-тартыштан кийин төрт министрликке талапкерлерди дайындоо макулдугун берди

Парламент кечээ, 6-октябрда Тилек Текебаевди транспорт министри кызматына, Билим берүү министрине Уланбек Мамбетакуновду, Таалайбек Ибраевди энергетика министри кызматына жана Маданият министри кызматына Алтынбек Максутовду дайындоо боюнча макулдугун берди.

Депутаттар алгач Акылбек Жапаровдун парламентке келип, мурдагы министрлер эмне үчүн кызматтан алынганын жана азыркы талапкерлер ката кетирсе, ким жооп берерин айтып берүүсүн талап кылышкан.

Эске салсак, 3-октябрда президенттин жарлыгынын негизинде жогорудагы министрликтердин жетекчилери кызматын тапшырган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар