ЖК: 23-декабрда VII чакырылыштын 87 депутаты ант берет

28-ноябрда шайланган VII чакырылыштын депутаттары 23-декабрда ант берип, алгачкы жыйынга чогулушат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин аппаратынан билдирди.
Мыйзам боюнча шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыялангандан кийин эки жуманын ичинде биринчи жыйыны өтүшү керек. БШК 15-декабрь күнү жыйынтык чыгарган.
Жаңы мыйзамга ылайык, бул жолу парламентке 90 депутат келет. Азырынча 87си ант берет . Буга бир мандаттуу эки шайлоо округунда “баарына каршы” деген графа көп добуш алгандыгы жана №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан уткан Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу аныкталып, депутат болуу укугунан ажыраганы себеп болду.