Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйынын Шарапаткан Мажитова ачат

Жетинчи чакырылыштын депутаттарынын биринчи жыйыны 23-декабрда болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Биринчи сессияны эң улуу депутат ачары белгилүү. Бул чакырылыштын алгачкы отурумун “Ынтымактан” Шарапаткан Мажитова ачат. Бул өлкө тарыхында Жогорку Кеңештин жыйынын аял киши ачкан биринчи окуя болот.
Андан ары парламентарийлер төраганы жана вице-спикерлерди шайлашат, ЖКнын түзүмүн бекитишет.
Буга чейин маалымдалгандай, спикерликке үч талапкер бар. Алар, Нурланбек Шакиев (No17 Аксы бир мандаттуу шайлоо округу), Улугбек Ормонов («Ишеним» партиясы) жана Талант Мамытов («Ынтымак» партиясы).