ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жетинчи чакырылыштын депутаттары  качан иштей баштайт? БШКнын жообу  

 Жетинчи чакырылыштын депутаттары  качан иштей баштайт? БШКнын жообу  

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын  депутаттары биринчи жыйынына 30-декабрда чогулат.  Бул тууралуу   Жогорку Кеңештин аппаратынан билдиришти.

Ал эми БШК 27-28-декабрда Жогорку Сотто сот процесстери болорун белгиледи.   Сотто добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча “Азаттык” партиясынын билдирүүсү каралууда. Бишкек административдик соту саясий уюмдун арызын канааттандырган жок.

Мындан тышкары, Жогорку сот Бишкек административдик сотунун чечимине карата эки кассациялык даттанууну кароого кабыл алды. Алардын бири депутаттыкка талапкер болуп,  No31 Чүй-Кемин шайлоо округунан көпчүлүк добушка ээ болгон Медербек Саккараевге байланыштуу. Буга чейин БШК анын казак жарандыгына байланыштуу каттоосун жокко чыгарган.

Экинчи арыз Борбордук шайлоо комиссиясынан. Анда БШК “Альянс” партиясынын талабы боюнча биринчи инстанциянын чечимин жокко чыгарууну өтүнөт.

Шайлоо комиссиясы “Альянс” партиясынын талапкери Жанар Акаев Токтобүбү Оргалчынын ордуна депутаттык мандат ала алат дегенге макул эмес.

Бул сот процесстери аяктагандан кийин жаңы шайланган депутаттарды каттоо боюнча чечим кабыл алынат.

Ал эми №29 Свердлов жана №27 Биринчи Май шайлоо округдарында кайра шайлоо 27-февралга белгиленди.  Анда   «баарына каршы» деп көп добуш берилип, добуш жараксыз деп табылган.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарын шайлоо 28-ноябрда  өткөн.

Жанылыктар