Жети миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн ымыркайларга 200 миң сомдон тапшырылды

 Жети миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн ымыркайларга 200 миң сомдон тапшырылды

Жалал-Абад жана Талас облустарында 7 миллионунчу жаранга удаалаш төрөлгөн наристелердин ата-энелерине 200 миң сомдук сертификаттар тапшырылды. Бул тууралуу президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрү билдиришти. 

Жалал-Абадда Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристени Сузак районунун Кыр-Жол айылынын 19 жаштагы тургуну Сардиана Омуралиева жарыкка алып келген. Удаалаш төрөлгөн жаран анын биринчи наристеси.

Ал эми Таласта Кыргызстандын 7 миллионунчу жаранына удаалаш төрөлгөн наристе Кара-Буура районунун Чолпонбай айылындагы Кумар Аксокуев жана Нурлуукыз Бактыбек кызынын үй-бүлөсүндө төрөлгөн ымыркай Сейил болгон. Буга чейин жубайлар 1 кыз бир уулду болушкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жети миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында төрөлдү.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар