Жер мунапысы алкагында 546 гектар трансформация болду

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында бүгүнкү күнгө карата 546 гектар жер трансформация болду. Бул туурасында айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.
Белгилесек, 2021-жылдын 17-мартында “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.
Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.
Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта “Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.