Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

 Жеңиш Разаковдун абактагы мөөнөтү узартылды

Алдамчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандын мурдагы вице-премьер-министри Жеңиш Разаковдун камактагы мөөнөтү эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 24-апрелге чейин камакта калтырылды. Разаков №1 тергөө абагында камакта болот.

Буга чейин ал 24-февралга чейин камакка алынган.

Эскерте кетсек, Жеңиш Разаков 24-январда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча иш козголгон.

Маалым болгондой, милицияга Б.А. аттуу жаран арыз жазып, Разаков 1 млн доллар алып, бербей койгондугун билдирген.

Жанылыктар