Жазгы талаа жумуштарына даярдыктар барбы? Айыл чарба министри маалымат берди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү 16-февралдагы жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү боюнча маалымат берди.
Министр текшерүүдөн өткөн, сапаттуу үрөндүн запасы 80 пайыз даярдалганын билдирди. Ал муну менен дыйкандарды үрөн менен камсыздоодо көйгөй жаралбай турганына ишендирди.
“Экинчиси айыл чарба техникалырынын даярдыгы 80 пайызды көрсөтүп жатат. Ошондой эле дыйкандарды күйүүчү май менен камсыз кылуу маселеси дагы чечилүүдө. Бүгүнкү күндө 42 миң тонна бензин, дизелдик отундун запасы бар”,-деди Аскарбек Жаныбеков.
Ал ошондой эле минералдык жер семирткичтердин запасы камдалганын билдирди.
Белгилесек, парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстандагы жазгы талаа жумуштарына даярдык маселеси каралууда.