Жазгы талаа иштерине байланыштуу минералдык жер семирткичтер экспорттолбойт

Кыргызстандан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты. Чечимди министрлер кабинети кабыл алган.
“Бул нерсе жазгы талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган“, — деп айтылат маалыматта.