Жаш өспүрүрмдөрдү баңгизат сатууга тарткан канал аныкталды

 Жаш өспүрүрмдөрдү баңгизат сатууга тарткан канал аныкталды

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында синтетикалык баңги заттарды таратуунун туруктуу каналы аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бул каналдын уюштуруучулары чет мамлекеттердин биринде жүрүп, Кыргызстандын жашы жете элек балдарга мыйзамсыз баңгизаттарды таратууга тартуу боюнча практикалык иштерди жүргүзүшкөн.

Ал балдар чет өлкөлүк кураторлордун көрсөтмөсү менен ар кандай коомдук жайларда (парктар, аянттар, бак-дарактар) баңгизаттардын аз өлчөмдөгү партиясын катып жүрүшкөн. Каалаган адам электрондук капчыктар жана банктык которуулар аркылуу алдын ала төлөө жолу менен баңгизаттардын координаттары тууралуу толук маалыматты алышкан.

Топтолгон материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Бул каналдын чет элдик уюштуруучуларына карата чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чаралары баштоо демилгеленет.

УКМК баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкандар 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет.

Жанылыктар