Жасалма паспорт менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган жаран колго түштү

 Жасалма паспорт менен Кыргызстандан чыгып кетүүгө аракет кылган жаран колго түштү
  Бүгүн, 8-апрелде «Манас» аэропортундагы өткөрүү пунктунан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдиришти.

Учурда анын жарандыгы такталып жатат. 52 жаштагы С.С. аттуу жүргүнчү Бишкек-Шаржа рейси менен учууну көздөп, чек арачыга Канаданын паспортун көрсөткөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө чек арачылар паспортто толугу менен жасалмалуулуктун белгилери бар экенин аныкташкан. Мындан тышкары андан мамлекеттик чек араны кесип өткөндүгү тууралуу жасалма белгилер табылган. Көрсөтүлгөн документте дата штамптарынын басуулары да туура келбеген» —  деп айтылат билдирүүдө.

Протокол түзүлгөндөн кийин тартип бузган адам кошумча иликтөө үчүн тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген.

Жанылыктар