Жарыкты үнөмдө! “Акылдуу эсептегич” коюлбаган абоненттерге атайын тетик орнотулат

 Жарыкты үнөмдө! “Акылдуу эсептегич” коюлбаган абоненттерге атайын тетик орнотулат

«Акылдуу эсептегичтер» коюла элек жөнөкөй эсептегичи бар абоненттерге  атайын тетиктер орнотулат. Мындай ыкма трансформатордук подстанциялардын коопсуздугу үчүн коюларын «Түндүк электр» ишканасы билдирди.

«Бул тетиктер трансформатордук көмөк чордондордун жабдууларын ашыкча иштөөдөн коргоо жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу милдетин аткарат. Бул жабдуу электр энергиясын керектөө 5 киловаттан ашканда күйүп кетет жана абонентке ыңгайсыздык жаратат», — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө айтылгандай, «Түндүк электр» ишканасынын электр тармактарына кошууда ар бир абонент менен келишим түзүлүп, анда уруксат берилген кубаттуулук макулдашылат.

«Бул тетиктер абоненттер электр энергиясын керектөө режимин сактаса жана электр кубатын көп пайдаланган мезгилдерде керексиз электр шаймандарын туташтырбаса күйүп кетпейт», — деп эскертилди.

Орнотулган тетик туташтырылары менен ишке киргизилип, электр кубатын ашыкча пайдалануу башталганда байланышты үзөт. Эгерде сөз болуп жаткан жабдуу  күйүп кетсе, ал алмаштырылганга чейин абонент жарыксыз калышы мүмкүн.

«Түндүк электр» ишканасы Бишкек шаарындагы, Чүй жана Талас облустарындагы абоненттерди тейлейт.

Жанылыктар