Жардыруулардын ортосунда… Киевде журналист менен патрул кызматкери үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү (сүрөт)

 Жардыруулардын ортосунда… Киевде журналист менен патрул кызматкери үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү (сүрөт)

2-мартта Киевдин патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Юрий Зозуля менен журналист Ангелина Карякина Киевде баш кошушту  деп билдирет   УНИАН.

Улуттук милициянын патрулдук милиция департаментинин башчысы, милициянын полковниги Евгений Жуков  да нике кыйылганын билдирип,  бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазган.

«Аскердик абалдын мыйзамдарына ылайык, аскер бөлүгүнүн командири катары мен кол алдындагы аскер кызматкерим   Юрий Зозуля менен анын колуктусу Карякина Ангелина Александровнанын баш кошконуна күбө болдум», – деп белгиледи ал.

Букет катары кыркылган үй орхидеялары берилип, ал эми жаңы үйлөнгөн жубайлар нике шакектерин  да  дээрлик бекер алышты.

Украинадагы салгылашуулар сегизинчи күндөн бери уланууда.   2022-жылдын 24-февралында Орусиянын президенти Владимир Путин атайын аскердик операция башталганын жарыялаган.  Украинада жана Батышта бул баскынчылык катары кабыл алынган.

 

Жанылыктар