«Жаратылышты коргоого салым кошуп жатам» — экобаштык тиккен Элмира

 «Жаратылышты коргоого салым кошуп жатам» — экобаштык тиккен Элмира

Сүрөт: Айганыш Абдыкадырова

39 жаштагы каарманыбыз үй-бүлөлүү, төрт баланын энеси. Ал хоббисин бизнеске айландырып тим калбай, элеттиктерди жумуш менен камсыздап жаткан кези. Анан да экологияны коргогонго салым кошуп жатам дейт.

Элмира Каримова Ноокат районунун Жийде айылында жашайт. Ал көпчүлүккө тигүүчүлүк өнөрү менен таанымал. Башында тууган, тааныштарына кийим-кече тигип берчү. Кийинчерээк буюртма бергендер арбып, шопперлерди тиге баштаган.

Шоппер — бул сумка. Ал адатта кездемен тигилет жана ар кандай жазуу, сүрөттөр менен кооздолот. Анын өзгөчөлүгү табигый материалдан тигилет, бир канча жолу жууп кайра колдоно берсе болот. Ошондуктан, аны экосумка, экобаштык деп да атап коюшат. Себеби, кездемеден тигилген сумкалар бир жолу колдонулуучу пластик баштыктардан көрө алда канча зыянсыз делет.

Баяндоо каармандын өз атынан жүргүзүлөт

Бир жолу бир кардарым «булгаары сумкалар далымы өйкөйт. Өзү анын салмагы оор, жүк салсам андан бетер оорлошуп кетет. Силердин баштыктарга жумуштан кайтканда азык-түлүк сала келем. Оор эмес, жеңил, абдан ыңгайлуу», — деп айтып калды. Ал кезде чүпүрөк баштыкты кээде гана тигип койчумун. Аны да капыстан социалдык тармактан көрүп калгам. Курак кошуп тигишкен экен. Мен да аракет кылып көрөйүн деп, курактын көлөмүн чоңойтуп, чөнтөк кошкон элем. Ошол жылуу пикирди уккандан кийин экобаштыктарды такай тиге баштадым.

Алгач кардарларым чоң апалар болчу. Кийинчерээк студенттер «мага мындай түстө тигип бериңизчи» деп буюртма кыла башташты. Анан жаштарга ылайыктап көлөмүн бир аз кичирейтип тигүүгө өттүк. Анткени, улууларга чоңураак, ал эми жаштарга чакан сумкалар өтүмдүү. Менин эмгектеримди чоң апаларга белекке бергендер бар. Жакында эле 8-мартка  өзүбүздүн аяштар келинчектерине экосумка белек кылышты.

Сүрөт: Айганыш Абдыкадырова

Экобаштыкты тигүүдөгү дагы  бир максат — унутулуп бараткан куракты жандандыруу. Аны заманбаптуулук менен айкалыштырдык. Бирок, экоматериалдарды табуу оңой болгон жок. Ноокаттан, Кызыл-Кыядан да таппай, акыры издегенибиз Бишкектен чыкты. Алгач борбор калаадан алдырып тиксек, бүгүнкү күндө Ош шаарынан табигый материалдардын чекитин таап алдык. Буюртма кылабыз, үйгө чейин алып келип беришет.

Куракка материалдарды Ноокаттагы тигүү цехтеринин керексиз кыркындыларын алып келебиз. Менин билишимче, Бишкекте андай кыркындыларды мончого отун кылып жагышчу. Биз аларга экинчи өмүр берип жатабыз десем болот.

Эң негизгиси, бир жолу колдонулчу пластик баштыктардын ордуна экосумка көтөрсөк жаратылышты сактайбыз. Мисалы, тойлордо канча адам барса ошончодон пластик баштыктар колдонулат. Анын ордуна экосумканы пайдаланып, жууп кайра эле иштетсе болот. Жаратылышты коргоого салым кошуп жатам деп эсептейм.

Чеберчиликти үйрөткөн курсум да бар. Ага тигүү машинамын санына карап кабыл алам — эки группа болот. Бири-биринен угуп келген окуучуларымдын саны көп. «Эжеке, сиз ушунчалык жеңил түшүндүрөсүз» деп көңүлүмдү көтөрүшөт. Себеби, баарын иш жүзүндө жасап үйрөткөндүктөн бир айда өздөрүнө көйнөк тигип калышат. Кыздар Жаңы жылда мектептеги кечеге өздөрү көйнөк тигип кийишти. Окутуу форматын жактырган жаштар алыстыгына карабай, аймактардан келип окуп жатышат.

Сүрөт: Айганыш Абдыкадырова
Сүрөт: Айганыш Абдыкадырова
Сүрөт: Айганыш Абдыкадырова

Жолдошум мени колдойт. Башында «жо-ок, малды сатып, акчасын сага карматып коембу» дечү. Анан көндү, малды сатып акчасына тигүү машинасын алдык. Ошентип машинкаларымдын саны көбөйдү. Жарымын «Шыктан» жаштар борборунан ижарага алып иштетсем, жарымы өзүмдүкү.

Жашырбайм, тээ башта максатым күнүмдүк оокатка акча табуу болчу. Бирок Ош, Бишкекте өткөн ар кандай тренинг, форумдарга катыштым. «Айылдык табышкер» форумунда мен сыяктуу жаш ишкерлер менен тааныштым. Өзүмө ишенимим жогорулап, башкаларга да жардам бергим келди.

Учурда айылдагы төрт келин жумуш менен камсыз болду. Алдыдагы максатыбыз кеминде 10 адамга иш берүү.

Биринчи иштеп баштаганда колумдагы балам кичинекей эле. Жумушка көтөрүп барчумун. Айрым аялдар балдарынан бошой албай, ишин уланта албай калышат экен. Мындан улам жаңы идея пайда болду — учурда үйдүн айланасына кичинекей цех салып жатабыз. Ал ишке киргенде коңшуларды саатына төлөнчү бала бакча ач деп сунуштайбыз. Ошондо окууга, жумушка келгендер балдарын бакчага таштап, ишин жасай беришет.

Материалды даярдаган Айганыш Абдыкадырова

Жанылыктар