Жапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөт

 Жапония Баткенге жардам катары бир миллион доллар бөлөт

Жапония Баткенге жардам катары гранттык негизде бир миллион доллар бөлөт.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардам Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарына жардам катары берилет.

“Жапон өкмөтү БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын жардамы менен тамак-аш, баш калкалоочу жай жана башка гуманитардык жардам көрсөтөт”, – деп айтылат билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек. Бийлик жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар