Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады

Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсү аяктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Жапаров бүгүн, 17-январда ишке чыккан. Мамлекет жетекчиси эмгек өргүүгө бир жума мурда, тагыраагы, 10-январда кеткен болчу. Анын эс алуусу кайсыл жакта өткөнү кабарланган жок.