ОшТВ телерадиокомпаниясы

Жапаров Санк-Петербург шаарында КМШ малекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

 Жапаров Санк-Петербург шаарында КМШ малекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Өлкө башчысы Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барарын президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жапаров  Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) катышуучу-малекеттеринин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат.

Аталган иш-чарага Белорусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин катышуусу күтүлүүдө.

Жанылыктар